2008-жылдын август айында «TCS» ЖЧК компаниясы 1430 даана МОТОРОЛА радиостанцияларын КРнын ИИМ бөлүкчөлөрүнүн муктаждыгы үчүн жеткизүү тендерин утуп алган.
Радиобайланыш каражаттарын жеткизүү мамлекеттик контракт боюнча өз мөөнөтүндө жүргүзүлүп, КР ИИМдин бөлүкчөлөрүн заманбап, ишениктүү жана сапаттуу радиостанциялар менен биринчи иреттеги камсыздоо маселелерин чечүүгө жол ачып берди.
МОТОРОЛА радиостанцияларынын СР жана СМ сериялары күч структуралары үчүн иштелип чыккан. Радиостанциялар колдонууда жөнөкөй жана үйрөнүү үчүн эң кыска убакытты талап кылат. Motorola CP-140 и СМ140–бул ыңгайлуу жана көп функционалдуу байланыш каражаты.
МОТОРОЛА компаниясынын иштеп чыккан X-Pand үн компрессия технологиясын колдонуунун натыйжасында үндүнэң жокорку сапаты камсыз болот. Өзүнүн конструктивдүү аткаруусу менен СР жана СМ сериясындагы МОТОРОЛА радиостанциялары MIL 810F америка согуш стандартына туура келет жана тыштан келүүчү ар кандай факторлорго каршы коргонуу стандарт талаптарына жооп берет.
Башкаруу кнопкаларынын минималдык саны каналдын номер индикатору менен жуурулушуп, CM 140 радиостанциясынын колдонулуусун жөнөкөйлөтөт. Каналдарды сканирлөө байланыштын ара кандай каналдарда активдүүлүгүн текешерүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет.
|